Ноокатта 21 жаштагы Айжаңыл асынып алганы маалымдалды. Кыздын жакындары анын өзүнө кол салганынан күмөн саноодо
- 2 месяца мурун
Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө 20-февралда “112”кызматына Ноокат районунун Көк-Бел айыл аймагынын 2005-жылы туулган тургуну А.А. өзүнүн үйүндөгү мал сарайында асынып каза болгону кабарланган.
Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.
Аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Тергөөгө чейинки текшерүү иштери улантылууда.
Жакындары Айжаңылдын өз жанын кыйганынан күмөн санашат. Сиңдиси Айназик Жылдызбек кызынын айтуусу боюнча, Айжаңыл бир жыл мурда турмушка чыккан. Ал мурда дагы күйөөсү кол көтөргөндүгүн айтып келген. Кош бойлуу болгон кубанычы менен бир күн мурда эле бөлүшкөн. “Ал өзүнүн жанын кыймак эмес” деди сиңдиси.
Асынып алды дегенден 2-3 саат мурда эле апасына СМС билдирүү жазып, “күйөө балаңар мени урат, мени алып кеткилечи” деген Айжаңыл. Ооз ачуу түйшүгү менен жүргөн апасы СМС билдирүүнү дароо көрбөй калган.
Айжаңылды кайындар тарабы “ооруп атат” дешкен, барганда кызын “асынып каза болду” деп угузушкан. Денесинде көгала болгонун кыздын жакындары айтышат.
Ошол кайгылуу окуя болду деген күнү алардын үйүндө кайненеси жана анын эки кызы болгон. Айжаңылдын жакындары алар окуянын чындыгын жашырып жатышат деген ойдо. Күйөөсүнүн туугандары тарап аксакалдарды ортого салып, ишти жаап койгусу келгенин айтууда.
Экспертизанын жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар көрүлөрүн милиция билдирди.
Кийинки кезде аялдарга кол көтөрүү, зомбулук көрсөтүү, өлтүрүп коюу фактылары көбөйүүдө. 23-декабрда Бишкекте үйрөй учурган кылмыш к,атталган жаңы ажырашкан күйөөсү мурдагы аялын МР-79 травматикалык тапанчасы менен атып жиберген. Алган жаракатынан аял ошол жерде жан берген. Бул кылмыш иши киши өлтүрүү беренеси менен катталды. Шектүү убактылуу камак жайына камакка алынды. 27-сентябрь күнү 17 жаштагы Айсулуу Мукашева мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аккулу Бердиев ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алдап алууга жана үй-бүлөлүк зомбулукка шектелип кармалган.
ИИМдин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 11 айында үй-бүлөлүк зомбулукка даттанып 19 миң 995 жаран кайрылган. Анын 519у боюнча кылмыш иши козголгон.
Акыйкатчы институтуна 2025-жылдын 10 айында аялдар менен балдардын укуктарынын бузулушу боюнча 129 арыз түшкөн (2024-жылы жалпы 135 арыз). Алардын ичинен 24ү үй-бүлөлүк зомбулук маселелерине байланыштуу (2024-жылы — 31).
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




