TezJet компаниясынын учагынын кырсыкташы: Арткы шассинин бири сынып кеткен
- 4 дня мурун
“Манас” эл аралык аэропортунда TezJet компаниясынын Бишкек—Ош багыты боюнча учактын арткы шассисинин бири сынып кеткен. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коому (ААК) билдирди.
Маалыматка караганда, асманда көтөрүлгөн кезде учактын арткы шассисинин бири сынып кетип, кайра жерге конгон.
Бул окуянын кесепетинен жабыркагандар жок экени айтылды. Жүргүнчүлөрдү авариялык трап аркылуу эвакуация кылышкан. Ички каттамдарда медициналык кароо уюштурулду.
Учакта 181 жүргүнчү, эки учкуч жана төрт борт коштоочу болгон. Алардын арасынан жабыркагандар жок, баары эвакуацияланды.
“Манас” эл аралык аэропорту убактылуу жабылганына байланыштуу эл аралык каттамдар “Алматынын запастагы аэродромуна жиберилүүдө. “Манас” аэропортундагы бардык каттамдар саат 22:00гө чейин токтотулду.
Ал эми Бишкекке багыт алган учактар Ош, Тамчы же Ташкентке жиберилиши мүмкүн.
Бүгүн, 7-июлда, “Манас” эл аралык аэропортунда TezJet компаниясынын учагы кырсыктады. Бул тууралуу күбөлөрдүн айтуусу боюнча ЖМК жазды жана “Кыргызстан аэропорттору” тастыктады.
Маалыматка караганда, TezJet компаниясынын учагы учуу үчүн күүлөнүп келатып, шашылыш токтотулган жана жантайып калган. Саат 16:15те жүргүнчүлөрдү авариялык желим трап менен эвакуация кылышкан.
TezJet компаниясы 2013-жылы негизделген, ал эми 2014-жылдан тартып жүргүнчүлөрдү ташый баштаган. Бишкектен Баткен, Жалал-Абад, Раззаков жана Ошко учат. Жайкысын Тамчы-Жалал-Абад, Тамчы-Ош каттамдарын аткарат.
Сүрөт: Интернет булактарынан




