«Манас» аэропортунун аймагында 8 чакырым тилкеде жол кыймылы убактылуу чектелет

  • 3 недели мурун

«Манас» аэропортунун аймагындагы жол инфраструктурасын реконструкциялоонун биринчи этабынын алкагында 23-июндан 1-июлга чейин узундугу 8 чакырым болгон тилкеде — «Манас» аэропортунан Манас айылына чейинки Фрунзе көчөсү, 1/1 (батыш тарабы) боюнча автотранспорт каражаттарынын кыймылы убактылуу чектелет.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Чектөөлөр жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле реконструкциялоо иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү максатында киргизилүүдө.

Маалыматта айтылгандай, оңдоо иштери жүрүп жаткан мезгилде жол толугу менен жабылбайт. Оңдоо иштерине байланыштуу тиешелүү тилкеде жолдун бир гана тарабы этап-этабы менен жабылып турат. Ал эми транспорт каражаттарынын кыймылы жолдун экинчи тарабы аркылуу эки багытта уюштурулат.

Бишкек шаарынын мэриясы айдоочулардан каттамдарын алдын ала пландаштырууну жана жол кыймылын уюштуруудагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алууну өтүнөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты