Нарында мөңгүлөрдү изилдөө боюнча эл аралык жайкы мектеп ачылды

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 24-июнда, Нарын шаарында “Мөңгүлөрдү изилдөө, сактоо жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу” (IPROMO) аттуу Эл аралык жайкы мектептин ачылыш аземи өттү.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.

Жайкы окуу курстары 7-июлга чейин уланат.

Жайкы мектеп Тоо өнөктөштүгүнүн катчылыгы тарабынан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) жана Борбордук Азия университети менен бирге, президенттин Тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлүнүн жана ФАОнун колдоосу менен уюштурулду.

Жайкы мектеп мөңгүлөрдү сактоо, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, климаттык коопсуздук жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча билим жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.

Президенттин Тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова тоолуу өлкөлөрдүн жана аймактардын туруктуу өнүгүүсү үчүн стратегиялык ресурс катары мөңгүлөргө мониторинг жүргүзүүнүн жана аларды сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жайкы мектеп ишине Кыргызстан, Казакстан Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген өкүлдөр, ошондой эле Борбордук Азия университетинин ректору Кристофер Герри, ФАОнун өкүлү Олег Гучгельдиев жана ЕККУнун өкүлү Дмитрий Прудских катышууда.

Лекторлор катары Бельгия, Италия, Швейцария, Норвегия, Германия, Австрия, Кыргызстан, Казакстан, Индия жана башка өлкөлөрдүн алдынкы адистери менен окумуштуулары чыгышууда.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты