«Иннопром» эл аралык өнөр жай көргөзмөсү: Ата мекендик ишкананын 10дон ашык продукциясы коюлду

  • 1 месяц мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россияга иш сапарынын алкагында «Иннопром» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барып, көргөзмөнүн пленардык жыйынында «Өнөр жай 360: чек арасыз өндүрүш» деген темада сөз сүйлөдү.

Адылбек Касымалиев Армения, Беларусь, Казакстан жана Россия Өкмөт башчылары менен бирге көргөзмө комплексине барып, улуттук күркөлөр жана өндүрүштүк ишканалардын экспонаттары менен таанышты. Кыргыз Республикасынын улуттук күркөсүндө 10дон ашык ата мекендик ишкананын продукциясы коюлган.

Андан соң делегация башчылары көргөзмөнүн пленардык жыйынына катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы «Иннопром» жылдар аралыгында жаңы идеялардын жаралуусуна, өнөр жайды өнүктүрүүдөгү актуалдуу маселелер талкууланып жана узак мөөнөттүү экономикалык кызматташтыктын негизи түзүлгөн алдыңкы эл аралык аянтча катары өз ордун ээлегенин белгиледи.

“Бул көргөзмөдө Кыргыз Республикасы экономиканын ар кандай тармактарындагы ишканаларды бириктирген улуттук экспозицияны сунуштап жатат. Биз жаңы демилгелерге ачыкпыз, мазмундуу диалогго даярбыз жана бүгүн бул жерде катышып жаткан бардык мамлекеттер менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты андан ары кеңейтүүгө кызыкдарбыз” деди Касымалиев.

МинКаб ьөрагасы Кыргызстандын маанилүү тармактардын кеңири чөйрөсүндө кызматташууну андан ары кеңейтүүгө даярдыгын билдирди.

“2025-жылдын аягына карата Кыргыз Республикасы менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара сооданын көлөмү дээрлик 6 миллиард АКШ долларына жетип, мурдагы  жылга салыштырмалуу 7,7 пайызга өскөн. Бул көрсөткүчтөр экономикалык интеграциянын жогорку деңгээлин жана өнөр жай кызматташтыгын андан ары кеңейтүү үчүн олуттуу потенциалды ачык көрсөтүп турат” деди ал. 

Өз сөзүнүн аягында Адылбек Касымалиев бүгүнкү күндө биргелешкен күч-аракеттерди жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө, өндүрүштү локалдаштырууга жана өз ара инвестицияларды көбөйтүүгө багыттоо өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.

"Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсү: Ата мекендик ишкананын 10дон ашык продукциясы коюлду

Ага чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Екатеринбург шаарында Россиянын премьер министри Михаил Мишустин менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 5-6-июлда Россиянын Екатеринбург шаарына иш сапары менен барды.

Сүрөттөр: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты