«Газпром нефть Азия» компаниясы 20 жылдыгын белгиледи

«Газпром нефть Азия» компаниясынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнүн 20 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараны 17-сентябрда белгиледи.

Мааракелик иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жана депутаттар, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, коомдук-саясий ишмерлер, ишкердик чөйрөнүн өкүлдөрү жана чет өлкөлөрдөн келген өнөктөштөр күбө болду.  

Салтанатта төрага Марлен Маматалиев компаниянын жамаатын 20 жылдык мааракеси менен куттуктап, «Газпром нефть Азия» бул мезгил аралыгында Кыргызстандын экономикасына өзгөчө салым кошконун белгиледи. 

Компания Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө, ишкердик байланыштардын бекемделишине жана кыргыз-россия кызматташтыгынын кеңейишине салым кошо берерине ишенерин билдирди.  

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты