Бишкекке Баткен облусунан 430 эвакуацияланган жаран келди

  • 2 года мурун

Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан Баткен облусунан келген 430 жаран катталды. Аларды «Вайт отель» мейманканасы, «Ширин ботаник» мейманканасы, Медициналык академиянын жана «Ала-Тоо» университетинин жатаканалары, «Тумар» жана «Достук» мейманканалары, «Виа Бишкек», «Лагуна» мейманканалары кабыл алышты.

Келген баткендиктерге атуулдар борбордун акимдиктери менен бирге тамак уюштуруп жатышат. Алардын бардыгына керектүү каражаттар берилди.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты