Бишкек соту БШКнын Момбековду талапкер катары каттоодон баш тартуу чечимин жактады   

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын административдик соту 25-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Рыскелди Момбековдун талапкерлигин бир мандаттуу Биринчи май шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына каттоодон баш тартуу чечимин жактады. Рыскелди Момбековдун БШК чечимине каршы арызы канаттандырылган жок.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышынын депутаты Рыскелди Момбековдун талапкерлигин каттоодон баш тартуу боюнча БШКнын чечимине анын жогорку билими тууралуу диплому күмөн жараткандыгы себепчи болгон.    

4-январда Рыскелди Момбеков № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын кайра шайлоого катышуу жөнүндө билдирген.

Момбековду Бишкектеги №27 Биринчи май шайлоо округунан депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тартуу чечимин БШК 20-январдагы отурумунда кабыл алды.

Бул маселе былтыр парламенттик шайлоодо дагы көтөрүлгөн. Боршайком мурда да Момбековду Социал-демократтар партиясынан талапкер кылып каттап, кайра аны жокко чыгарган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Рыскелди Момбеков 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен жасалма диплом алганы аныкталганын билдирген. Атайын кызмат Момбеков ал жасалма диплом менен 2011-жылы Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, экинчи жогорку билимди алганын кабарлаган. Мекеме саясатчынын биринчи жогорку билими жок болгондуктан, экинчи жогорку билим алганы мыйзамсыз экенин билдирген.

Момбеков былтыр анын талапкерлигин жокко чыгарган Боршайкомдун чечимине каршы Жогорку сотко арызданып, талапкерлигин кайра калыбына келтирген жана 2021-жылы 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого катышкан. Ал жасалма диплом тууралуу маалыматтарды четке каккан.

2021-жылы 28-ноябрда Кыргызстанда аралаш система боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Ага бирдиктүү шайлоо округунан 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме боюнча шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

№27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралына бекитилди. Жогоруда аталган шайлоо округдарында баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп таанылган.

Сүрөттө: Рыскелди Момбеков. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты