Рыскелди Момбеков жана дагы кимдер депутаттыкка талапкер болду?

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуу жөнүндө билдирген талапкерлер катталууда.  4-январга карата БШКга 15 талапкер өзүн-өзү көрсөтүү арызын берди.

4-январга карата арыз бергендердин катарында Жогорку Кеңештин экс-депутаты Рыскелди Момбеков бар. Ал Биринчи май шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болууга БШКга арыз берди.

Буга чейин Биринчи май шайлоо округунан: Адылбек Гапаров, Русланбек Акылбеков, Рысбай Аматов, Анвар Сартаев, Нурбек Токтакунов, Шадыкан Жакыпбеков,   Элвира Сурабалдиева арыз берген.

Ал эми Бишкек шаарынын Свердлов шайлоо округу боюнча:: экс-депутат Шайлообек Атазов, Муратбек Султанбеков, Эдил Бейшенбаев, Жусубалы Керимбаев, Назгүл Жолдошева, Жаныбек Асанбеков, Гуля Алмамбетова арыз берген.    

Парламентке бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланды. Бишкектеги бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары. Парламентте мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат болот.

Сүрөт: Интернет булактарынан.  

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты