Кайра шайлоо: БШК Рыскелди Момбековду талапкер кылып каттоодон баш тартты

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рыскелди Момбековду Бишкектеги №27 Биринчи май шайлоо округунан депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тартты. Мындай чечимди БШК 20-январдагы отурумунда кабыл алды.

Ага Рыскелди Момбековдун диплому жасалма экени тууралуу маалымат негиз болгон.

Бул маселе былтыр парламенттик шайлоодо дагы көтөрүлгөн. Боршайком өткөн жылы Момбековду Социал-демократтар партиясынан талапкер кылып каттап, 24-ноябрда кайра аны жокко чыгарган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Рыскелди Момбеков 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен жасалма диплом алганы аныкталганын билдирген. Атайын кызмат Момбеков ал жасалма диплом менен 2011-жылы Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, экинчи жогорку билимди алганын кабарлаган. Мекеме саясатчынын биринчи жогорку билими жок болгондуктан, экинчи жогорку билим алганы мыйзамсыз экенин билдирген.

Саясатчынын БШКдагы өкүлү 2020-жылы октябрь окуяларында анын парламенттеги кабинетинен дипломатиялык паспорту менен 2003-жылы алган диплому уурдалып кеткенин айткан. Ал бул маалыматты 20-январда да кайталады.

Момбеков былтыр анын талапкерлигин жокко чыгарган Боршайкомдун чечимине каршы Жогорку сотко арызданып, талапкерлигин кайра калыбына келтирген жана былтыр 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого катышкан. Ал жасалма диплом тууралуу маалыматтарды четке каккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты