Бишкек соту Болот Темировдун кармалышын мыйзамдуу деп тапты

Бишкек шаардык сотунун судьясы Эсеналиев иликтөөчү журналист жана Temirov LIVE журналисттер командасынын жетекчиси Болот Темировдун кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Бул тууралуу юрист Нурбек Токтакунов Фейсбук баракчасында билдирди.  

22-январда кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировду укук коргоо кызматкерлери террористтерге окшотуп, Бишкек шаардык ИИБге алып кетишкен жана коомчулуктун митингинен кийин эч жакка кетпөө кепиилдиги менен бошотулган.

Ал эми анын алдында кеңсесинен компьютерлерди алып кетишти. Темировдун иликтөөчүлөр командасынын кеңсесине укук коргоо кызматкерлери иттер менен кирип, журналисттердин колун кайрып, полго жаткырып, тинтүү жүргүздү . 

Жакында Temirov LIVE деп аталган YouTube канал «Эки күндө кантип 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөөсүн жарыялаган.

Сүрөттө: Болот Темировду кармоо учурунан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты