ИИМ журналист Алтынай Арстанбекова кармалганын ырастады
- 1 месяц мурун
Эркин журналист Алтынай Арстанбекова кармалганы тууралуу 11-мартта ЖМКда жарыяланган маалыматты Ички иштер министрлиги (ИИМ) ырастады.
“9-мартта социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында «Facebook» социалдык тармагындагы «Даниэль Жоошбаев» аттуу аккаунт колдонуучусу аркылуу Кыргыз Республикасынын бийлигин каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган материалдар жарыялангандыгы аныкталган” деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле аталган аккаунттагы айрым басылмалардын астындагы комментарийлерде коомдук кырдаалды туруксуздаштырууга жана баш аламандыктарга алып келиши мүмкүн болгон билдирүүлөр орун алгандыгы да белгиленди. .
Аталган факт Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык баш аламандыктарга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ички иштер министрлигинин жана Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан, «Даниэль Жоошбаев» аттуу фейк-аккаунттун ээси жана колдонуучусу журналист 1976-жылы туулган А.А. (Алтынай Арстанбекова-ред.) экендиги аныкталып, кармалган.
Ушуга байланыштуу шектүү А.А. тарабынан Facebook социалдык тармагындагы аталган аккаунт аркылуу жарыяланган бир катар басылмалар жана билдирүүлөр мыйзам талаптарына ылайык текшерүүгө алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
2026-жылдын 10-мартында анын жашаган жерин тинтүү учурунда кылмыш иши үчүн мааниге ээ болушу мүмкүн болгон бир катар техникалык каражаттар жана буюмдар табылып, алынган. Алардын катарында уюлдук телефондор, планшеттер, ноутбуктар, видеокамера, документтер жана башка буюмдар бар.
11-мартта шектүү Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен Арстанбекова 9-майга чейин камакка алынды.
11-мартта ЖМКда эркин журналист Алтынай Арстанбекова кармалганы тууралуу маалымат жарыяланган.
Сүрөт: Интернет булактарынан




