Бишкек ШИИБ: Эрматов ички иштер кызматкерлеринин талаптарына баш ийбей, тергөөгө тоскоол болгону үчүн кармалды

  • 2 года мурун


Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы “Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Эрмек Эрматовдун кармалышы боюнча комментарий берди.

“Бишкек шаардык кеңешине шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда “Социал-демократтар” саясий партиясы тарабынан шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин жүрүшүндө, 2025-жылдын 22-январында аталган партиянын депутаттыгына талапкер Эрмек Эрматов аталган саясий партиянын төрагасынын орун басары Кадыр Атамбаевдин жеке көрсөтмөсүнө ылайык, иликтенип жаткан кылмыш иши үчүн мааниси бар далилдерди жашырууга аракет кылгандыгы аныкталды» деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек ШИИББ басма сөз кызматы Эрматовду кармоонун чоо-жайын мындайча түшүндүрдү:

«Ички иштер органдарынын кызматкерлери тергөө тапшырмасы жана кечиктирилгис тинтүү жөнүндө токтомдун негизинде Эрмек Эрматов башкарган “КИА КАРНИВАЛ” үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Бирок, Эрматов мыйзамдуу талаптарды аткаруудан баш тартып, автоунаанын салонуна бекинип, уюлдук телефон аркылуу көрсөтмө алып, салондо сакталган электрондук алып жүрүүчүлөрдү жок кылууга аракет жасаган. Жагдайга байланыштуу автоунааны ээсине эскертүү берүү менен мажбурлап ачууга туура келген. Бирок, Эрматов ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, укук коргоочулардын унаасына зыян келтирип, качып кеткен. Тез арада артынан жүрүп, “Перехват” планы жарыяланып, жыйынтыгында автоунаа Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде токтотулуп, Эрматов самбо ыкмаларын колдонуу менен кармалды».

Учурунда кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, жазык иши үчүн маанилүү документтер жана электрондук алып жүрүүчү каражаттар табылган. Андан соң кармалган Э.Эрматов Октябрь райондук ИИБга жеткирилип, укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126 жана 128-беренелеринде каралган бузуулар үчүн убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда Эрматовдун башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталууда.

“Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Эрмек Эрматов майда бейбаштык үчүн үч суткага камалганы тууралуу Кадырбек Атамбаев Фейсбук баракчасына жазганы маалымдалган.

Кадырбек Атамбаев Эрматовдун кармалышы мыйзамсыз болгондугун жана сот адвокатсыз өткөндүгүн айтты. Ошондой эле Эрматовго магниттик-резонанс томографиясы жасалбагандыгын, бул анын ден соолугуна олуттуу залал келтирерин, ошондой эле аны укук коргоо орган кызматкерлери ур-токмокко алгандыгы тууралуу билдирди.

Буга чейин Кадыр Атамбаев Эрмек Эрматовдун укук коргоо органдары тарабынан кармалганын жана кыйноого туш болгонун айткан.

Видео тасмада Эрмек Эрматовду укук коргоо орган кызматкерлери коштоп алып кеткендигин көрүүгө болот. Ал өзү Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан кармалып, сот үч суткага убактылуу жайга камоо чечимин кабыл алганын, сот адвокатсыз өткөнүн айтты.

Эрмек Эрматов- акын, драматург, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эгемберди Эрматовдун (1951-2017-ж.ж.) уулу, «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү.  

Буга чейин “Социал-демократтар” саясий партиясынын мүчөлөрү Анарбек Катаганов, Жанна Самышева Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында (ШИИБ) добуш сатып алуу боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында күбө катары сурак берген. Ошондой эле Кадырбек Атамбаев да суракка чакырылган жана сурак берип чыкканын билдирген.

Учурда «Социал-демократтар» партиясынын лидери, мүчөсү жана тарапташы убактылуу камак жайында отурат. 2024-жылы 14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.

15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековду, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен партиянын тарапташы Роза Турксеверди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Сүрөт: Видео тасмадан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты