Бишкек шаардык соту Адахан Мадумаровду камакта калтыруу чечимин колдоду (Видео)

Бишкек шаардык сотунда бүгүн. 13-сентябрда, Жогорку Кеңештин депутаты, оппозициялык»Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду эки айга камоо боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимине карата адвокаттардын апелляциялык арызы каралды. Шаардык сот Мадумаровду эки айга камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды.

Бул тууралуу соттон кийин Мадумаровдун адвокаты Майрамбек Жумабеков билдирди.

-Соттук коллегияда биз жакшылыкты күткөнбүз. Тергөө судьясы туура эмес чечим чыгарган, ошого аппеляциялык даттануу бергенбиз. Бүгүн мыйзамдуу чечим чыгарып бериңиздер деп, мыйзамсыз чечимдердин баарын айттык. Мадумаровду 13 жашар баласы менен чогуу, автомат, маска кийип алып кетишкен. Баланын укугун коргошубуз керек деген конвенция бар. Баланын да, депутаттын да укугу бузулуп жатат. Соттук коллегия ушундай чечим чыгарып койду, -деди адвокат Жумабеков.

Бүгүн шаардык соттогу процесс жабык түрдө өттү. Ага журналисттер да, Жогорку Кеңештин депутаттары да, Мадумаровдун туугандары, тарапташтары да — эч ким киргизилген жок.

Бүгүн, 13-сентябрда, Бишкек шаардык сотунун алдында Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун жактооочуларынын митинги өттү. Алар Адахан Мадумаровдун бошотулушун талап кылышты.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго мамлекетке чыккынчылык кылуу боюнча айып коюлуп жатканын айтып, билдирүү таратты.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 2-сентябрда Бишкекте Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткен.
Адахан Мадумаров 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-сентябрда кабыл алды.
Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюшуна байланыштуу Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине 
тартууга уруксат берди.

Сүрөт: Мадумаровду колдоо митингинен. 13-сентябрь. «ПолитКлиника» .

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты