Бириккен демократиялык кыймыл Марат Казакпаевдин өлүмүнө байланыштуу билдирүү жасады  

Бириккен демократиялык кыймыл белгилүү саясат таануучу, эксперт Марат Казакпаевдин өлүмүнө байланыштуу билдирүү жасады.

“Казакпаевдин өлүмү айыпталып жаткандарга жана соттолгондорго кыйноо жана адамгерчиликсиз мамиле системалуу түрдө колдонулуп жатканын, аларга өз убагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөндүгүн ачык көрсөтүп турат. Марат Казакпаев мындай мамиленин курмандыгы болду” деп белгиленет билдирүүдө. .   

“Ошондой  эле тергөөнү атайылап создуктуруп, Казакпаевди мыйзамда белгиленген мөөнөттөн ашык камакта кармоосу да анын өлүмүнө себеп болду”.

«Бириккен демокртаиялык кыймыл» Президент Садыр Жапаровдон буларды талап кылды:

— УКМКнын жана Башкы прокуратуранын жетекчилигин жоопкерчилиги каралсын,

-УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматынан алуу чарасын көрсүн;

— кылмыш ишин козгоо фактыларын, тергөө бюрократиясын жана М.Казакпаевге өз убагында медициналык жардам көрсөтпөө фактыларын кылдат жана объективдүү иликтесин.

Саясат талдоочу Марат Казакпаев 10-июнда каза болду. Казакпаев “Мамлекетке чыккынчылык кылган” деп шектелип, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тергөө абагында жаткан. Ал 2021-жылы апрель айында кармалган. Жакында ден соолугу начарлап ооруканага түшкөн.

Марат Казакпаевдин жубайы Анар Казакпаева «ПолитКлиника» медиасына төмөнкүлөрдү билдирди.

«Мараттын абалы оор болуп жаткандыктан Улуттук кардиология жана терапия борбору оорусу оор деп бүтүм берди. Ошого карабастан аны абакта кармашты. Анын баш коргоо чарасын өзгөрткөндө ал каза болбойт болчу. Ага карата кыйноолор болгон» деди Анар Казакпаева.

УКМК саясат талдоочу Марат Казакпаев такай дарыгерлердин көзөмөлүндө болгонун билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты