Бир мандаттуу Ленин шайлоо округу: Кубанычбек Самаков жеңүүчү деп табылды

  • 8 месяцев мурун

Бишкек шаарынын бир мандаттуу №26 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоодо Кубанычбек Самаков жеңүүчү деп табылды.

Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссисы 20-сентябрдагы жыйынында кабыл алды.

Кубанычбек Самаков шайлоочулардын 5 миң 279 добушун алган.

Шайлоо учурунда 33 арыз-даттануу түшкөн. Анын ичинен жумушчу топко жети, ыкчам чара көрүү координациялык тобуна 26 документ жөнөтүлгөн.

Аталган округда 10-сентябрда өткөн кайра шайлооонун баштапкы жыйынтыгы боюнча Кубанычбек Самаков 26,17% добуш менен алдыга чыккан. Экинчи орунда Русланбек Тагаев 19,01%, үчүнчүдө 13,05 % добуш менен Аскар Алмаз уулу.

10-сентябрда Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин шайлоо округундагы Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өттү.

БШКнын саат 20: 00дөгү маалыматы боюнча, аталган округда шайлоочулардын добуш берүүсү 15, 85 пайызды түздү же 20 169 шайлоочу добуш берди. Ал эми шайлоочулардын жалпы саны – 127 239.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 27-мартында өткөн жыйналышында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңеш депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Буга депутаттын жазган арызы себепчи болгон.

28-майда саат 20:00дө Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. АСУ маалыматы боюнча Дамира Ниязалиева 6242 шайлоочунун добушун же 35,83% добуш алганы маалымдалган. Бирок 29-майдын кечинде талапкер Дамира Ниязалиеванын штабынын эки кызматкери кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине шек саналып кармалган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болгон Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болду.

Сүрөттө: Кубанычбек Самаков. БШК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты