Бир мандаттуу Ленин шайлоо округу: Алдын ала жыйынтык боюнча Кубанычбек Самаков алдыга чыкты

  • 8 месяцев мурун

Бишкек  шаарынын Ленин шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкты.

Шайлоо округундагы 51 автоматтык эсептөөнүн жыйынтыктары келип түштү.

Анын жыйынтыгында:

1. Кубанычбек Самаков жалпы добуштардын 26,14% же 5273 добуш алган.

2. Экинчи орунда — Русланбек Тагаев, 18,99% же 3831 добуш алды.

3. Үчүнчү орунда – Аскар уулу Алмаз 13,04 %  же 2630 добуш алды.

Бүгүн, 10-сентябрда, Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин шайлоо округундагы Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өттү.

БШКнын саат 20: 00дөгү маалыматы боюнча, аталган округда шайлоочулардын добуш берүүсү 15, 85 пайызды түздү же 20 169 шайлоочу добуш берди. Ал эми шайлоочулардын жалпы саны – 127 239.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты