Бир мандаттуу Ленин шайлоо округу: Талапкерлердин бирине айып салынды

  • 8 месяцев мурун

Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда кайра шайлоого талапкерлердин бири – Руслан Тагаевге айып салынды.   Ал Вотсап группаларда үгүт жүргүзүп жаткандыгы аныкталган.

Мыйзам боюнча шайлоонун алдында, жымжырттык күнү үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат.   

Ошондой эле Tolik Erkebaev деген ат менен катталган социалдык тармактын колдонуучусуна айып салынды.  Ал дагы шайлоонун мурунку күнү үгүт жүргүзгөн. Аларга 7, 5 миң сомдон айып салынды.  

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комисссиясы (БШК) маалымдады.

Саат 20: 00дөгү маалымат боюнча, аталган округда шайлоочулардын добуш берүүсү 15, 85 пайызды түздү же 20169 шайлоочу добуш берди. Ал эми шайлоочулардын жалпы саны — 127 239.

Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин райондук №26 шайлоо округунда кайра шайлоо саат 20:00дө соңуна чыкты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты