УКМК Улуттук Илимдер академиясында коррупциялык схема аныкталганын билдирди

  • 1 год мурун

Улуттук Илимдер Академиясына (УИА) мамлекет тарабынан ыкчам башкарууга берилген кыймылсыз мүлк объекттерин пайдалануу боюнча текшерүүнүн жүрүшүндө, имараттарды мыйзамсыз ижарага берүү боюнча коррупциялык схема аныкталды жана ага бөгөт коюлганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинини (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Улуттук Илимдер академиясынын айрым кызмат адамдары кылмыштуу бүтүмгө кирип,  ижарага бөлмөлөрдү мыйзамсыз берип, ижара акысы үчүн өз алдынча акча алышканы аныкталган.

Бул мыйзам бузуулардын натыйжасында, мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмдөрүн аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Андан тышкары УИАдан өлкөнүн бардык аймагы боюнча 20га жакын объект жеке жана башка менчикке чыгарылгандыгы тууралуу маалыматтар алынды.

 «Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» мыйзамдын 18-беренесине ылайык, УИАнын мүлкү КР УИАнын ыкчам башкаруусунда турган мамлекеттик менчик болуп саналат. Мамлекет УИАга негизги жана жүгүртүлүүчү фонддорду, жерди жана башка мүлктөрдү мөөнөтсүз жана акысыз пайдаланууга берет. УИАга берилген мамлекеттик мүлк алынып коюлбайт жана башка тараптарга берилбейт.

Ошондой эле борбор шаарда жайгашкан объектилердин бири иш жүзүндө УИАга тиешелүү, бирок укукту белгилөөчү жана укукту күбөлөндүрүүчү документтери (мамлекеттик акт, техникалык паспорт, тиешелүү мамлекеттик органдарда каттоосу жок) болбогондуктан, мыйзамдуу түрдө ээсиз деп табылгандыгы аныкталды.

УКМКнын көмөгү менен керектүү документтерди тариздөө жана алуу үчүн жерди топографиялык сүрөткө тартуу иштери демилгеленди.

13-июнда УИАга жалпы аянты 3,36 га болгон белгиленген жер участогуна менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт тапшырылды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты