Ташиев ири базар ээлерин атады. Акыркы окуялар алардын себебинен болуп жатканын айтты

  • 5 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдөгү ири базарлардын кожоюндарынын атын атады. Алардын себебинен базарлардагы каршылык акциялары болуп жаткандыгын ал бүгүн, 6-декабрда, УКМКнын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи учурунда билдирди.

-Бүтүндөй республика боюнча ири соода-сатык комплекстеринин ээлери өлкөнүн эң бай адамдары. Булар кимдер? Булар – Аскар Салымбеков,  Мелис Мырзакматов, Чолпон Султанбекова, Турсунтай Салимов, Курманбек Байтереков, Касиет Жолдошбаев, Кубатбек Байболов, Эльвира Сурабалдиева, Чыңгыз Алканов жана башкалар. Булар чоң киреше ала турганы баарыбызга белгилүү. Базар ээлери акыркы 30 жылдан бери базарларды кармап келе жатышат, эң чоң байлыкты топтоп отурат. Ошол эле мезгилде булар мамлекетке, коомго, кол алдындагы сатуучуларга болгон мамилесин өзгөртпөстөн, байлыкка тойбостон, байлыктын артынан түшүп келе жатышат. Ошонун себебинен кечээки окуялар болуп жатат,-деди Ташиев.

“Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, Элвира Сурабалдиева өкмөт ишкерлерге ККМ боюнча түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзбөгөнүн айтты:

“29-ноябрда Ошто биринчи Кара-Суу базарынын соодагерлери ККМди колдонууга каршы митингге чыгышты. Ошондон кийин Салык кызматы “Кара-Суу менен “Дордой” базарынын соодагерлери базардын ичинде ККМди колдонбой эле койсо болот” деп маалымат берди. Ушундан кийин башка да базарлардын ишкерлери да «митингге чыксак талабыбыз аткарылат экен» деп ойлоп калышты. Ишкерлер ККМге каршы чыкса, өкмөт өзүнүн кемчиликтери үчүн жоопкерчиликти базардын ээлерине оодарганы туура эмес» деди Сурабалдиева.

Кыргызстанда өткөн жумада базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан. 29-30-ноябрда Оштогу Кара-Суу жана Бишкектеги “Дордой”, “Мадина”, Орто-Сай базары, 1-декабрда борбордогу “Аламүдүн” жана Ош, Талас, Каракол шаарларындагы базардын сатуучулары митингге чыгышкан. 2-декабрда Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан “Кудайберген” базарынын соодагерлери да акция өткөрүшкөн.

4-декабрда Кара-Балта, Токмок шаарларындагы базарда иштегендер нааразылык акциясына чыгышкан.

Президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразычылыктар боюнча жумушчу комиссия түзүп, текшерүү жиберди

5-декабрда президент Садыр Жапаров «Дордой» базарындагы соодагерлерге июль айына чейин патент менен иштеп турууга уруксат бериле турганын айтты.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты