«Эгер митинг кыла беришсе, «Кумтөрдөгүдөй” тышкы башкаруу киргизебиз”. Президент ККМ митинги тууралуу

  • 5 месяцев мурун

 Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде ККМ боюнча бир чечим кабыл алынарын айтты.

— Кийинки жылдын 1-июлунан тартып ККМ бардык жакка киреби же патент менен иштөө тартиби калып калышы ыктымалбы?

— Бул маселеге мен өзүм киришпесем болбой калды окшойт. Кечээ тапшырма бердим. Комиссия түзөлү, комиссияга мүчө кылып ар бир базардан, адаттагыдай базар ээлерин же контейнерлери бар байларды эмес, жөнөкөй соодагерлерден кошолу, анан 1-июлга чейин абдан кылдат иштеп чыгалы. Анан ККМ киреби же башка бир жолун табабызбы, айтор, чечим кабыл алабыз,-деди Садыр Жапаров.  

Ошондой эле мамлекет башчы эгер, кайра-кайра митинг кыла беришсе, базарларга тышкы башкаруу киргизилерин эскертти:

-Эгер ушинтип улам-улам үндөп митинг кыла беришсе, алардын маселесин беш секундда чечебиз. Базарларга Өкмөттүн атынан “Кумтөргө” тышкы башкаруу киргизгендей, тышкы башкаруу киргизебиз. Тез арада баарын ревизия кылып чыгабыз,- деди президент.

5-декабрда президент Садыр Жапаров «Дордой» базарындагы соодагерлерге июль айына чейин патент менен иштеп турууга уруксат бериле турганын айтты.

Кыргызстанда өткөн жумада базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан. 29-30-ноябрда Оштогу Кара-Суу жана Бишкектеги “Дордой”, “Мадина”, Орто-Сай базары, 1-декабрда борбордогу “Аламүдүн” жана Ош, Талас, Каракол шаарларындагы базардын сатуучулары митингге чыгышкан. 2-декабрда Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан “Кудайберген” базарынын соодагерлери да акция өткөрүшкөн.

4-декабрда Кара-Балта, Токмок шаарларындагы базарда иштегендер нааразылык акциясына чыгышканы маалым болду.

Президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразычылыктар боюнча жумушчу комиссия түзүп, текшерүү жиберди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты