Турак жайдын ижара акысы кымбат болууда
- 1 месяц мурун
Бүгүн, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Министрлер кабинетинин төарагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев баш болгон өкмөт мүчөлөрү депутаттардын учурдагы көйгөйлөр боюнча суроолоруна жооп берүүдө.
Депутат Сүйүн Өмүрзаков турак жайдын ижара акысы өтө кымбат болуп жатканына байланыштуу суроо салды:
-Жаш үй-бүлөлөргө, кирешеси төмөн жарандарга оор болуп жатат, турак жайдын ижарасы абдан кымбат болууда. Кыргызстанда коңшулаш мамлекеттерге караганда ижара акысы абдан кымбат. Кантип жолго салса болот?-деп сурады депутат Өмүрзаков.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев турак жайдын ижара маселе көйгөйүн чечүү үчүн көрүлүп жаткан аракеттерге токтолду:
-Бизде ГИКтин алдында программабыз бар, ислам принциптери менен үйлөрдү куруп, аларды ижарага берип, андан кийин менчигине өтүп кеткен ыкмалар бар. Ошол келишимди парламентте ратификация кылганда, комитеттерде талкуу болуп жаткан, ислам принциптери менен кылса кандай болот деп. Сиз айткан маселе ижара аркылуу жеңилдетилген мүмкүнчүлүктөр менен үйлүү болуп жана ижарага алууга да мүмкүнчүлүктөр пайда болот. Азыр Ислам фонду менен 200 миллиондун алкагында сүйлөштүк, азыр Ислам фонду дагы 400 млн го чейин дагы кошумча бергенге макулдугун билдирди. Биз ал акчаны алганга даярбыз, анткени ал өзү-өзү актайт,- деди Данияр Амангелдиев.
Сүрөт: kenesh.kg




