“Барс” клубу өлкөнүн суперкубогун жеңип алды

Министрлер кабинетинин төрагасы, Кыргыз Футбол Биримдигинин президенти Адылбек Касымалиевдин катышуусунда “Алга” спорт комплексинде республиканын футбол боюнча суперкубогу үчүн беттеш 19-августта өттү.

Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымдалды.

Оюн башталардын алдында, МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев клубдун музей бурчу жана жаңы гибриддик машыгуу талаасы менен таанышты.

Нидерланддык «Sport Pitch Systems» BV компаниясы менен бирге жаңы гибриддик машыгуу талаасы курулду. 300 миң евродон ашкан долбоор талаанын жүктөмөгө туруктуулугун жана сапатын бир нече эсе жогорулатты. Ошондой эле клубдун тарыхый мурасын сактоо максатында спорт базасынын мейманкана комплексинде ПФК «Алганын» музей бурчу ачылган.

Андан соң МинКаб төрагасы өлкөнүн учурдагы чемпиону — Каракол шаарынын «Барс» футбол клубу менен 2025-жылкы Кыргыз Республикасынын кубогунун ээси — Бишкектин «Дордой» клубунун ортосундагы беттешти көрүп, оюн аяктаган соң, жеңүүчүгө сыйлыктарды тапшырды.

Оюн 2:0 эсебинде аяктап, «Барс» клубу 2026-жылкы Кыргыз Республикасынын суперкубогун жеңип алды.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты