Вебкам иши менен соттолгон Ажиев абактан тик учак менен чыккан
- 2 месяца мурун
Вебкам студияларын иштетүү боюнча тогуз жылга абакка кесилген Даниэл Ажиевге 18-февралда президент Садыр Жапаров тарабынан ырайым берилген. Ошол күнү Ажиев абактан тик учагы менен чыгып кеткен деген видео Интернетке тараган.
Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги «Азаттыкка» тастыктаган, тик учакты ижарага алууга Ажиев 268 миң сом төлөгөн.
Вебкам иши боюнча соттолгон Даниэл Ажиевге эки жума турда ырайым берилип, абактан чыгарылган.
Ажиев Вебкам студияларын иштетүүдөн түшкөн мыйзамсыз каражатты легалдаштыруу максатында уюшкан кылмыштуу топ түзгөндүгү үчүн, анын мүлктөрү мамлекетке өткөн.
Биринчи май райондук соту тарабынан Даниэл Ажиев үй-мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле эки жыл ишкердик менен алектенүүгө тыюу салынды жана 220 миң сом өлчөмүндөгү айыпка жыгылды. Ал жаза мөөнөтүн жалпы тартиптеги түзөтүү колониясында өтөп жаткан.
Даниэл Ажиев кылмыш-жаза жоопкерчилигинен качуу максатында 2023-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу, ага издөө жарыяланган. жана андан кийин УКМКнын талабы менен БАЭге учууга аракет кылып жаткен жеринен Өзбекстан Республикасынын аймагынан кармалды.
Өлкө мыйзамдарына каршы келген вебкам студияларын иштетүүдөн түшкөн мыйзамсыз каражаттарды легалдаштыруу максатында уюшкан кылмыштуу топ түзгөндүгү үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясынын токтому менен Даниэл Ажиевдин мүлктөрүнө камак салынып, андан ары конфискацияланып мамлекетке кирешеленген. Конфискацияланган мүлктөрдүн жалпы наркы 262 миллион сомду түзгөн.
УКМК тарабынан Даниэл Ажиевге таандык үч чоң студияда тинтүү иштерин жүргүзүүдө ал жерлерде 30 оператор жана ар кандай интернет-платформаларда (атайын түзүлгөн интернет сайттар) акчалай сыйлыкка интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү боюнча иштерди уюштуруу үчүн колдонулган 80 даана компьютердик техника болгон.
Белгиленген топтун мүчөлөрү чет мамлекеттердин аймагынан бул жаатта иштөө үчүн Даниэл Ажиев тарабынан түзүлгөн аянтчаларда интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп, эбегейсиз киреше алып турган “моделдер” делген кыздарды тартууну уюштурушкан.
Белгилей кетсек, операторлор үч нөөмөт менен иштешкен, кызматкерлердин жалпы саны болжол менен 18 жаштан 25 жашка чейинки 300гө жакын адамды түзгөн.

Иллюстрациляык баш сүрөт: ӨКМ
Сүрөттө: Даниэл Ажиев. Интернет булактарынан




