Баткенге жардам көрсөтүү фондуна калктан 303 млн сомго жакын түштү  

  • 2 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда калкка колдоо көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынан, ошондой эле башка ыктыярчылардан  302 992 710,60 сом түштү.

Бул тууралуу финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы маалымдады.

Атайын эсеп Баткен облусунун калкын колдоо, ошондой эле каржылык көз боемочулукка бөгөт коюу максатында ачылган.

Кыргыз-тажик чек арасында ушул жылдын 14-сентябрында башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 62 кыргызстандык набыт болду.  Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 200 кө жакын киши жарат алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тажикстандын кол салуусунан алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 48 652 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 3 414 жаран эвакуациялык пунктарда, 3 895 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты