Баткенде электр жарыгы калыбына келтирилди

  • 2 года мурун

Баткенде электр жарыгы калыбына келтирилди. Тургундар электр жарыгы менен камсыз болду.

Бул тууралуу энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.   

Орто-Боз көмөк чордону ишке кирди. «Ошэлектр» ишканасынын кызматкерлери ыкчам иштеди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кечээ, 27-январда болуп өткөн окуядан улам Баткен районунун Көк-Терек, Көк-Таш участкаларында электр энергиялары үзгүлтүккө учураган.

Электр жарыгы облустун Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдарында өчкөн. Ошэлектро Баткен РЭСинде электр зымдары үзүлгөндүгүн, ошол учурдагы абалга байланыштуу оңдоо иштерин жүргүзүү мүмкүн эместигин билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы кечээ, 27-январда кечки саат 18:30дар чамасында Тажикстан Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын бир тараптуу жаап койгонун кабарлады. 27-январда саат 19:30ка карата  жол кайрадан ачылган. Бирок саат 19:35те тажик тарап Баткен районунда Чыр-Дөбө жергесинде ок атуучу курал колдонулгандыктан, абал оорлоп кеткен.   

Ок атышуу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө тарапта болууда. Тажик тарап миномет жана гранатомет колдонуп жатканын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдындагы Чек ара кызматы 28-январь, эртең менен кыргыз-тажик чек арасында абалды туруктуу деп билдирди.

Сүрөт: Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты