Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында алгачкы чек ара мамычаларын орнотуу башталды
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 14-июлда, Кыргызстан менен Тажикстандын тиешелүү өкүлдөрү бирге Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерден башталган тилкеге алгачкы чек ара мамычаларын орнотуу башталды.
Бул тууралуу Министрлер кабинети кабарлады.
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1008,14 чакырымды, ал эми нейтралдуу макамга ээ жер тилкелеринин жалпы периметри 14,07 чакырымды түзөт.
2025-жылдын 13-мартында Бишкекте эки мамлекеттин башчылары Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимге кол коюшкан, бул чек ара аймактарында ишенимди андан ары бекемдөө жана узак мөөнөттүү туруктуулукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн бекем эл аралык укуктук негиз түздү.
Мамлекет башчыларынын тапшырмаларын аткаруу максатында, биргелешкен кыргыз-тажик демаркациялык комиссиясынын алкагында өкмөттүк делегациялардан демаркация боюнча жумушчу топтор түзүлүп, алар демаркациялык чаралардын комплексин практикалык ишке ашырууга киришти.
Иш тараптардын конструктивдүү кызматташтык, өз ара түшүнүшүү жана жогорку деңгээлдеги жоопкерчилик шартында жүргүзүлүүдө.
Демаркациялоо процесси башталгандан бери жалпы узундугу болжол менен 416,01 чакырымды түзгөн мамлекеттик чек ара тилкесинде биргелешкен талаа иштери жүргүзүлдү.
Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун, ошондой эле Тажикстанlын Согд облусунун Исфара жана Конибод шаарларынын, Бобожон Гафуров, Жаббор Расулов, Спитамен жана Деваштич райондорунун чектеш аймактарынын алкагында 1627 чек ара белгиси (жалпысынан 1954 чек ара мамычасынан турган) үчүн алдын ала координаттар жана орнотуу жайлары аныкталып, алар жыгач жана металл казыктар менен белгиленди.
Сүрөт: gov.kg




