Бишкекте жана бир катар райондордо электр жарыгы жапырт өчүшүнүн себеби айтылды  

  • 1 месяц мурун

«Кыргызстан улуттук электр тармактары» ишканасынын маалыматы боюнча, 220 киловатт кубаттуулуктагы эки жогорку чыңалуудагы электр линиясында авариялык өчүү катталган.

“220 кВ «Кара-Балта – Главная» жана «Главная – Шу» аба чубалгылары өчтү. Натыйжада керектөөчүлөрдү автоматтык түрдө өчүрүү тутуму (САОН) ишке кирди. Учурда «Кыргызстан улуттук электр тармагы» (КУЭТ) ААК электр энергиясын калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Технологиялык бузулуунун себептери такталууда” деп айтылды маалыматта.

Бүгүн, 17-июлда, саат 14:15 чамасында Бишкекте жана өлкөнүн бир катар аймактарында электр жарыгы жапырт өчтү.

Саат 16 да электр жарыгы берилди, бирок айрым жерлерде кайра өчүп күйдү. Электр жарыгынын  

Жапырт өчүрүүнөн кесепетиненайрым жерлерде интернет жабдуулары да бузулду.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты