Баткен: Жарылбаган снаряд, ок-дарылар зыянсыздандырылууда

Баткен облусундагы коомдук-саясий кырдаал ички иштер органдарынын кызматкерлеринин көзөмөлүндө экендигин ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов 21-сентябрда брифингде билдирди.

Ал милиционерлер кагылышуу болгон жерлерде күнү-түнү кайгуул иштери улантып жаткандыгын, чек ара тилкелеринде эки өлкөнүн укук коргоо органдары биргелешип кайгуул жүргүзүп жаткандыгын билдирди.

Жарылбаган снаряддарды жана ок-дарыларды зыянсыздандыруу иштери жүрүп жаткандыгын жана жабыркаган социалдык жайлар, жарадардын турак жайларын калыбына келтирүү иштери башталганын айтты.

Учурда кагылышуу болуп өткөн жерлерде унаа каттолоруна  чектөө жок. Аймактагы коомдук коопсуздук жана жол кыймылынын коопсуздугу милиция кызматкерлринин көзөмөлүндө.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 183 киши жабыркады. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты