Жол жээктеринде, мечиттерде кайрымдуулук катары акча чогултуу фактысы боюнча фонддун жетекчиси кармалды

Ички иштер министрлигине (ИИМ) Бишкек шаарында жана өлкөнүн башка аймактарында коомдук жайларда, анын ичинде мечиттердин жанында жана жол жээктеринде жарандардан мыйзамсыз акча чогулткан фонддун жетекчиси кармалды.   

Аталган факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2019-жылдан бери иш алып барган «Биз эл менен» кайрымдуулук фонду аныкталып, анын жетекчисинин жана уюштуруучуларынын тек-жайы такталган.

Жүргүзүлгөн финансылык талдоонун жыйынтыгында, фонддун жетекчисинин жана уюштуруучуларынын банктык эсептери аркылуу ири суммадагы акча каражаттары жүгүртүлгөнү аныкталган. 2026-жылы жетекчинин эсептеринин биринде 41 миңден ашуун операция жүргүзүлүп, жалпы жүгүртүүнүн көлөмү 12 млн сомдон ашкан.

Алдын ала маалымат боюнча, 2024–2026-жылдар аралыгында келтирилген зыяндын көлөмү болжол менен 30 млн сомду түзөт.

ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан фонддун жетекчиси, 1993-жылы туулган Б.кызыТ. Бишкек шаарында кармалган.

Анын жашаган жеринде жана автоунаасында тинтүү жүргүзүлүп, кылмыш иши үчүн маанилүү болгон документтер жана башка буюмдар алынган.

Соттун чечими менен камакка алуу бөгөт чарасы тандалып, №1 тергөө абагына киргизилген.

Тергөө иштери улантылууда.  

Сүрөт: Кармалган шектүү. ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты