Баткен облусуна жардам катары жарандардан 248 млн сомдон ашык каражат чогулду

  • 2 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасындагы Тажиктандын кол салуусунан улам Кыргыз Республикасынын жарандарынан, ошондой эле башка ыктыярчылардан атайын ачылган эсепке 248 566 814,25 сом өлчөмүндө каражат чогултулду.

Атайын эсеп Баткен облусунун элине колдоо көрсөтүү максатында ачылган.

Бул тууралуу финансы министрлиги 22-сентябрда кабарлады.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 200 кө жакын киши жарат алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты