Баткен облусуна гуманитардык жардам жеткирилүүдө (Видео)

Баткен облусуна жалпы 775 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 131 тонна өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тарабынан, 478 тонна жардам жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген.

Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка караганда, кампада 165 тонна гуманитардык жардам турат.

Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 51 оор жүк ташуучу унаага жүктөлүп Баткен облусунун аймагына жөнөтүлгөн.

Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат:

— Ош облусунда – 44;

— Жалал-Абад облусунда– 12;

— Нарын облусунда – 6;

— Ысык-Көл облусунда – 69;

— Талас облусунда – 43;

— Чүй облусунда – 12;

— Ош шаарында –1;

— Бишкек шаарында – 1.

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 164 киши жарадар болду. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

18-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери бири-бирин куралдуу агрессияга айыптаган билдирүүлөрдү жасашты.

Тажикстан бийлигинин расмий маалыматына ылайык, 14-17-сентябрь күндөрдүн аралыгында чек арада 41 тажик жараны каза болду.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты