Баткен: “Бакай” ФАПка снаряд түшкөн. Башка саламаттык сактоо мекемелери да жараксыз абалда   

Кыргыз-тажик чек арасында Тажикстандын агрессиясынан Баткен облусунда жабыркаган медициналык мекемелер боюнча саламаттык сактоо министрлиги маалымат берди.

Баткен районунун Ак-Сай айылындагы «Бакай» фельдшердик-акушердик пунктунун (ФАП) имаратынын чатырына снаряд түшүп, ички эки бөлмөсү жараксыз абалга келтирилген, айнектери толугу менен талкаланган. Имарат капиталдык оңдоого муктаж.

***

Баткен районунун Самаркандек жалпы дарыгерлер практикалык борборуна караштуу ФАП Капчыгай

имараты толугу менен өрттөлгөн жана анын ичиндеги медициналык жабдуулар, эмеректер жараксыз абалда.

Имаратты кайра куруу керек.

***

Баткен районунун Достук айылындагы ФАП: Имарат толугу менен өрттөлгөн, анын ичиндеги медициналык жабдуулар эмеректер жараксыз абалда. Имаратты кайра куруу керек.

Баткен районунун Достук айылына караштуу тез жардам унаасы: Чаткал элинен жардам катары берилген тез жардам унаасы жабыркаган.

Унаанын алды жагынан 5 жерине (алдыңкы айнегине, айнегинин үстү жагына жана алдыңкы капотуна) ок тийген, арткы айнеги талкаланган, ичиндеги медициналык шаймандарын толугу менен талкаланып жана тонолгон. Автоунаа капиталык оңдоого муктаж.

***

Баткен облусунун Лейлек районунда жабыркаган медициналык мекемелер боюнча маалымат:

Лейлек районунун Кулунду айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун борбордук  имараты:

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратынын айнектери талкаланган жана ички бөлмөлөрүнүн эшиктери талкаланган, дубалдарына ок атуучу куралдан жабыркаган. Имарат кайра курууга муктаж.

***

 Лейлек районунун Кулунду ЖДПБ караштуу Максат айылындагы ФАП: ФАПтын чатырына снаряд түшүп  бөлмөлөрү жараксыз абалда. Медициналык жабдуулар жана эмеректер толугу менен жараксыз абалда.

Баткен: “Бакай” ФАПка снаряд түшкөн. Башка саламаттык сактоо мекемелери да жараксыз абалда   
Баткен: “Бакай” ФАПка снаряд түшкөн. Башка саламаттык сактоо мекемелери да жараксыз абалда   
Баткен: “Бакай” ФАПка снаряд түшкөн. Башка саламаттык сактоо мекемелери да жараксыз абалда   
Баткен: “Бакай” ФАПка снаряд түшкөн. Башка саламаттык сактоо мекемелери да жараксыз абалда   
Баткен: “Бакай” ФАПка снаряд түшкөн. Башка саламаттык сактоо мекемелери да жараксыз абалда   
Баткен: “Бакай” ФАПка снаряд түшкөн. Башка саламаттык сактоо мекемелери да жараксыз абалда   
Баткен: “Бакай” ФАПка снаряд түшкөн. Башка саламаттык сактоо мекемелери да жараксыз абалда   
Баткен: “Бакай” ФАПка снаряд түшкөн. Башка саламаттык сактоо мекемелери да жараксыз абалда   
Баткен: “Бакай” ФАПка снаряд түшкөн. Башка саламаттык сактоо мекемелери да жараксыз абалда   
Сүрөттөр: Саламаттык сактоо министрлиги.

Кыргыз-тажик чек арасында ушул жылдын 14-сентябрында башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 62 кыргызстандык набыт болду.  Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 200 кө жакын киши жарат алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

14-17-сентябрь күндөрү Тажикстандын аскерлеринин агрессивдүү кол салуусунуну натыйжасында Баткен облусундагы эвакуация болгон 15 миң 532 жаран үйлөрүнө кайтып келишти.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты