Башкы прокуратура Арстан Алайдын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду

  • 4 месяца мурун

Башкы прокуратура Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) каза болгон фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоду.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Текшерүүдө юстиция министрлигине караштуу жаза аткаруу кызматынын 31-мекемесинин жооптуу кызмат адамдары “Кылмыш жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндөгү” мыйзам талаптарын аткарбай, айыпкер А.Абдылдаев өз өмүрүнө кол салууга аракет жасап жаткан учурга көңүл бурбай, анын жеке коопсуздугун камсыз кылууга багытталган ыкчам чараларды көрбөгөндүктүн натыйжасында, 2024-жылдын 5-январында 31-мекемесинде А.Абдылдаев өз өмүрүнө кол салып, асынып каза болгондугу аныкталды.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура жаза аткаруу кызматынын жооптуу кызмат адамдарына кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (кызмат адамынын өз милдеттерин жеңил ойлуулуктан же талаптагыдай эмес аткаруусу, этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген жосун) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүү аскер прокуратурасына тапшырылды.

Жаза аткаруу кызматы Арстанбек Абдылдаевдин өлүмү боюнча маалымат таратты. Ага ылайык, Арстанбек Абдылдаев 5-январь күнү Жазаларды аткаруу кызматынын атайын дарылоо түзөтүү мекемесинин ашканасында асылган абалда табылган.

Арстан Алай 5-январда юстиция министрлигине караштуу жаза аткаруу кызматынын №31 түзөтүү мекемесинде каза болду. Бул тууралуу адвокаты Кайсын Абакиров Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Арстан Алай аты менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев диний кастыкты козутуу боюнча кармалганын билдирген.

Сүрөттө: Арстан Алай/ УКМК баcма сөз кызматы тараткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты