Бишкекте мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын Октябрь районунун Карасаев (мурдагы Дружба) көчөсүндө жайгашкан бала бакчанын имараты жана жер тилкеси 1993-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында 182 млн 624 миң сомго бааланган жогоруда аталган социалдык объект муниципалдык менчикке кайтарылды.

Сүрөт: Башкы прокуратура

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты