Кочкор районунда жер мунапысы боюнча мыйзам бузуу аныкталды
- 2 месяца мурун
- Жаңылыктар
Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан 2023-жылы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн 0,7 га жайыт жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке бөлүп беришкендиги аныкталган.
Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Жогорудагы факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: Башкы прокуратура
Муну бөлүшүү




