УТРК кызматкерине кол көтөрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду
- 5 дней мурун
- Видео, Жаңылыктар
Улутттук теле көрсөтүү жана радио уктуруу корпорациясынын “Телекүзөт” программасынын редакторуна кол көтөрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. 1995-жылы туулган Т.Ж., аттуу жаран кармалып, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаарынын ИИББ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) билдирди.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) тергөө кызматына К.Ж. арыз менен кайрылып, 2026-жылдын 5-август күнү Бишкек шаарынын Анкара көчөсүндө эч кандай себепсиз, бейбаштык менен уруп, денесине жаракат келтирип, андан соң окуя болгон жерден изин жашырып кеткендигин билдирген.
Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБ тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголуп, жабырлануучуларга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Кармалган Т.Ж., аттуу жаран Октябрь райондук милициясынын тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаарынын ИИББ убактылуу кармоочу жайына киргизилди
Сүрөт: Октябрь райондук ИИБ




