Жети-Өгүздө муниципалдык мүлктү мыйзамсыз күрөөгө коюу боюнча кылмыш иши козголду
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан Барскоон айыл өкмөтүнүн балансындагы мүлктү мыйзамсыз күрөөгө берүү фактысы аныкталды.
Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2022-жылы Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекция тарабынан Ж.К. аттуу жаранга 2 млн 500 миң сом өлчөмүндө пайызсыз кайтарымдуу финансылык жардам берилип, анын кайтарылышын камсыздоо максатында Барскоон айыл өкмөтүнүн балансындагы мончо күрөөгө коюлган.
Жеке жактын милдеттенмесин камсыздоо үчүн муниципалдык мүлктүн күрөөгө берилишине жол берген Барскоон айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын жана Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциянын жооптуу кызмат адамдарынын аракеттеринде кызмат абалынан кыянат пайдалануунун белгилери аныкталды.
Бул факт боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянат пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иши жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: Башкы прокуратура




