Бүгүн кайра шайлоо боюнча депутаттыкка талапкер болуу арызын кабыл алуу мөөнөтү аяктайт

  • 2 года мурун

Бүгүн, 27-январда, саат 18:00дө Жогорку Кеңеш депутаттыгына Бишкек шаарынын №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округу боюнча талапкерлердин арызын кабыл алуу мөөнөтү соңуна чыгат.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.    

Депутаттыкка талапкер болуу арызын бергенден кийин 27 календарлык күн ичинде, б.а. 30-январга саат 18:00гө чейин бардык документтерди БШКга өткөрүү керек.

26-январга карата 18 талапкер каттоодон өттү.  Ал эми эки округдан бардыгы болуп 54 талапкер арыз берген.

2021-жылы 28-ноябрда Кыргызстанда аралаш система боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Ага бирдиктүү шайлоо округунан 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме боюнча шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

№27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралына бекитилди. Жогоруда аталган шайлоо округдарында баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп таанылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты