БШК кайра шайлоого 18 талапкерди каттады (Тизме)

  • 3 года мурун

БШК № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын кайра шайлоого 18 талапкерди каттады

Төмөнкү талапкерлер катталды:

— № 27 Биринчи май шайлоо округу :

Акжолтой Келгенбаев;

Чыңгыз Капаров;

Азамат Мамбетсадыков;

Таалайбек Кермалиев;

Эльвира Сурабалдиева;

Нурбек Токтакунов.

— № 29 Свердлов шайлоо округу :

Ирина Карамушкина;

Назгүл Жолдошова;

Нурдин Мотуев;

Элнура Алканова;

Бакытбек Болотбеков;

Нурланбек Маматкулов;

Гуля Алмамбетова;

Абдурахманхаджи Муртазалиев;

Аспек уулу Азамат;

Бакыт Саадабаев;

Бакыт Бакиров;

Улукбек Тургунбаев.

2021-жылы 28-ноябрда Кыргызстанда аралаш система боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Ага бирдиктүү шайлоо округунан 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме боюнча шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

№27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралына бекитилди. Жогоруда аталган шайлоо округдарында баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп таанылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты