«Азаттык» финчалгын кызматынан, УКМКдан банк эсеби боюнча түшүндүрмө сурады

  • 1 год мурун

«Азаттык Медиа» мекемеси финансы министрлигине караштуу финансылык чалгын кызматына, Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) кайрылып, банк эсебинин бөгөттөлүшү жана мекемени тейлеген «Демирбанктын» катына байланыштуу түшүндүрмө сураганын билдирди. Азырынча аталган мекемелер расмий жооп бере электиги да белгиленди.

31-октябрда «Азаттык Медиа» мекемесинин «Демирбанктагы» эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. Маалыматта айтылгандай, «Азаттык Медиа» 31-октябрда жана 1-ноябрда банкка кат жолдоп, түшүндүрмө сураган.

2-ноябрда «Демирбанк» «Азаттык Медианын» эсеби «Террористтик ишмердикти каржылоого жана кылмыштуу кирешени легалдаштырууга (адалдаштырууга) каршы туруу жөнүндө» мыйзамдын 14-беренесине ылайык бөгөттөлгөнүн билдирген. Бул боюнча Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгын кызматына кайрылууну сунуш кылган.

«Азаттык Медиа» банк эсебинин бөгөттөлүшүн негизсиз экенин жана мекемеде иштеген Кыргызстандын жарандарынын укуктарын бузарын белгилейт.

Ошондой эле каржылык операцияларды токтотуу тууралуу чечимге негиз болгон документтерди, Финансылык чалгын кызматынын эсепти бөгөттөө чечиминин көчүрмөсүн да тез арада берүүнү өтүнөт.

31-октябрда «Демирбанктын» өкүлдөрү «Азаттык Медианын» эсебине бөгөт коюлганы тууралуу алгач телефондон оозеки ырастап, УКМКдан билдирме алганын айтышкан.
«Азаттык Медиа» мекемесинин «Демирбанктагы» эсебине бөгөт коюлган. Банк  өкүлдөрү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдирме алышканын билдиришкендиги белгиленди.

26-октябрда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттык Медиа» мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарды. Расмий билдирүүдө «маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес (жалган) материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалыматтарга байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү» айтылат.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга байланыштуу билдирүү жасап, сөз болгон материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгилеген.

27-октябрда министрликтин адистери “Азаттык Медиа” мекемесинин каттоо тууралуу документтерин текшерип, көчүрмөлөрүн алып кетишкен.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс, Human Rights Watch уюму, “Журналисттерди коргоо комитети” баштаган бир катар эл аралык уюмдар “Азаттыктын” сайтынын бөгөттөлгөнүн сындады.

“Азаттыкка” тилектештигин жергиликтүү жана эл аралык башка да ири уюмдар, саясатчылар, активисттер билдирүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты