DemirBank: “Азаттыктын” эсептерин мыйзамсыз камакка алган деген дооматтар — негизсиз

  • 1 год мурун

«Азаттыктын» эсеби боюнча операциялар “Террористтик ишмердүүлүккө каршы күрөшүү жана жана кылмыштуу кирешени легалдаштыруу  (адалдаштыруу)” ТИК/ККЛК мыйзамына ылайык токтотулган.

Бул тууралуу Демирбанк социалдык тармактар аркылуу кабарлады.

«Бул боюнча расмий жоопту банк анын жазуу түрүндөгү кайрылуусунун негизинде “Азаттыкка” билдирди. ТИК/ККЛК мыйзамынын талаптарын аткаруу Кыргызстандын бардык банктары үчүн милдеттүү жана жогоруда аталган мыйзамдын 32-беренесине ылайык,  эгерде бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана анын негизинде жасалган болсо. банктар банктык операцияларды токтото туруу үчүн жоопкерчилик тартышпайт» деп айтылат билдирүүдө.

«Азаттык Медиа» мекемесинин «Демирбанктагы» эсебине бөгөт коюлган. Банк  өкүлдөрү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдирме алышканын билдиришкендиги белгиленди.

26-октябрда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттык Медиа» мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарды. Расмий билдирүүдө «маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес (жалган) материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалыматтарга байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү» айтылат.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга байланыштуу билдирүү жасап, сөз болгон материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгилеген.

27-октябрда министрликтин адистери “Азаттык Медиа” мекемесинин каттоо тууралуу документтерин текшерип, көчүрмөлөрүн алып кетишкен.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс, Human Rights Watch уюму, “Журналисттерди коргоо комитети” баштаган бир катар эл аралык уюмдар “Азаттыктын” сайтынын бөгөттөлгөнүн сындады.

“Азаттыкка” тилектештигин жергиликтүү жана эл аралык башка да ири уюмдар, саясатчылар, активисттер билдирүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты