Азамат Болгомбаев: Болот Назаров чындык үчүн камалды

  • 3 года мурун

Төкмө акын Азамат Болгомбаев төкмө акын Болот Назаровдун камалышын айыптап, иликтөөчү журналист Болот Темировду жана төкмө акын Болот Назаровду колдоо митингинде бүгүн, 23-январда сүйлөдү.

Болот Темировдун ишинин алкагында төкмө акын Болот Назаров да кармалган.  

“Болот Назаров чындыкты, акыйкаттыкты айтып жатканы үчүн камалып жатат. Аны ар нерсени айтып, жалган айыптоо коюп жатышат” деди Азамат Болгомбаев.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров кармалган кылмыш ишинин алкагында эки адам шектүү катары өтүп жатканын, бири Темиров, экинчиси төкмө акын Болот Назаров экенин бүгүн 23-январда ИИМдин башкармалыгынын башчысы Сапарбек Аманкулов митингде журналисттерге маалымдады.

22-январда кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировду укук коргоо кызматкерлери террористтерге окшотуп, Бишкек шаардык ИИБге алып кетишкен.

Ал эми анын алдында кеңсесинен компьютерлерди алып кетишти. Темировдун иликтөөчүлөр командасынын кеңсесине укук коргоо кызматкерлери иттер менен кирип, журналисттердин колун кайрып, полго жаткырып, тинтүү жүргүздү . 

Жакында Temirov LIVE деп аталган YouTube канал «Эки күндө 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөөсүн жарыялаган. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты