Бишкекте көмүрдүн бир тоннасы 7 миңден 7800 сомго чейин сатылууда

Бишкек мэриясы шаарда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында ар бир райондо көмүр кампалары кышка даяр экендигин билдирди.

Ленин районунда калкты көмүр менен камсыздоого даяр 12 көмүр базасы иш алып барууда. Учурда базалардагы көмүрдүн жалпы запасы 7 миң тоннага жакынды түзөт. Бир тонна көмүрдүн баасы 7 миң сомду түзөт. Бүгүнкү күндө көмүр жетиштүү көлөмдө бар. Ошондой эле бааларга туруктуу көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Биринчи май районунун аймагында көмүр саткан 8 туруктуу соода түйүнү иштейт. Учурда бир тонна көмүрдүн баасы 7 миң сомду, ал эми бир мүшөк көмүрдүн баасы 300 сомду түзөт.
Свердлов районунда калкты катуу отун менен камсыздаган 9 көмүр базасы иш алып барууда. Учурда райондогу көмүрдүн жалпы запасы 6 084 тоннаны түзөт. Базаларда «Кара-Кече» жана «Шабыркүл» маркасындагы көмүр сатылууда. «Кара-Кече» көмүрүнүн бир тоннасы 7 миң сомдон, ал эми «Шабыркүл» көмүрүнүн бир тоннасы 7 800 сомдон сатылууда.

Октябрь районунда көмүр саткан 5 түйүн ачылган. Бардык көмүр базаларында «Кара-Кече» көмүрү бар. Анын бир тоннасынын баасы 7 миң сомду түзөт. Бүгүнкү күнгө карата кампалардагы көмүрдүн жалпы запасы 2 349 тоннаны түзөт. Көмүрдүн кошумча көлөмүн жеткирүү пландалууда.

Көмүр базаларынын даректери менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот.

Сүрөт: Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты