Атайын комиссия Тажикстандын агрессиясынан улам келтирилген чыгымды аныктоону баштады

  • 2 года мурун

Атайын түзүлгөн комиссия кыргыз-тажик сек арасындагы Тажикстандын агрессиясынан келтирилген чыгымды аныктоо иштерин баштады

«Учурда кыргыз-тажик каылышуусунан Баткен жана Ош облустарында келтирилген зыянды жана кыйратууларды аныктоо боюнча атайын комиссия иштеп жатат», — деп билдирди өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Ырысбек Жолдошбаев.

Алдын ала маалыматтар боюнча, куралдуу кагылышууда төмөндөгүлө талкаланган:

Турак жай имараттары – 364;

Чарбалык курулуштар — 168;

Социалдык объектилер – 9 (мектеп – 5, бала бакча – 3, ФАП – 1);

Стратегиялык объекттер – 5;

Кыймылсыз мүлк жана турмуш-тиричиликти камсыздоо объектилери – 149;

Транспорт — 9.

Жолдошбаев белгилегендей, бул акыркы маалыматтар эмес, бардык аймакты, объектилерди изилдөө жана келтирилген зыянды баалоо боюнча иштер уланууда.

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. Жаракат алгандардын саны 185 кишиге жетти. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Сүрөт: RRE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты