Алдыдагы парламенттик шайлоого 700 миллион сом чыгым сметасы бекитилди

  • 2 месяца мурун

15-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 700 миллион сом суммасында бекитти.

Бул тууралуу БШК сайсында маалымдалды.

Токтомго ылайык, мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө жалпы көлөмү 700 миллион сом болгон чыгымдардын сметасы бекитилди.  

Бул каражаттар төмөнкүдөй багыттар боюнча бөлүштүрүлгөн:

— Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгымдары – 382 млн 757 миң сомду түзөт. Бул суммага шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон шайлоо комиссиялары үчүн борборлоштурулган сатып алуулар, шайлоо участкаларын техникалык жабдуу, маалыматтык материалдарды даярдоо, окутуу жана сый акы төлөө, иш сапарлар чыгымдары жана башка уюштуруу иштери кирет;

— Округдук шайлоо комиссияларынын (ОШК) чыгымдары – 259 млн 243 миң сом. Бул сумма шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана техникалык операторлорго сый акы төлөө, иш сапарларды жана транспорттук чыгымдарды жабууга жумшалат.

— Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) катынын негизинде чыгымдардын жалпы суммасы 58 миллион сомду түзөт. Бул каражат шайлоо мезгилинде өлкөнүн аймагынан тышкары башка мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылууга багытталат. 

Чыгымдар төмөнкү негизги көрсөткүчтөргө таянып эсептелген:
— Округдук шайлоо комиссияларынын саны – 30, мүчөлөрүнүн саны – 450 адам;

— Участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) саны – 2622 (анын ичинде 100 чет элдик мекемеде жана 30 кошумча УШК), мүчөлөрүнүн саны – 25 720 адам(анын ичинде автоматтык эсептөөчү жабдуулар менен иштеген операторлордун саны — 5000 УШК мүчөлөрү, шайлоочуларды идентификациялоо жабдууларын иштеткен операторлордун саны – 5000 УШК мүчөлөрү); 

— Шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда жарандарды идентификациялоо боюнча техникалык кызматтарды көрсөтүүчү сырттан тартылган операторлор (УИК үчүн) — 2500 адам;

— Техникалык колдоо көрсөтүүчү операторлордун саны — 600 адам,-деген маалыматты БШК келтирди.

Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде шайлоого мамлекеттик бюджеттен чыгым болбой турганын билдирген:

-Азыр эми депутаттар 300 миң сомго көтөрүп коюшуптур. Бул 300 миң сом кайтарымсыз экен. Мурда 100 миң сом 5 пайыздан өйдө добуш алгандарга кайтарылып берилчү. Эми бул акча кайтарылып берилбейт жана кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө түшпөйт. Шайлоону уюштурууга жумшалат,-деди Садыр Жапаров. -Мурда шайлоону уюштуруу үчүн кеткен чыгым элдин чөнтөгүнөн чыкчу. Тагыраагы республикалык казынадан берилчү. Эми мындан ары шайлоолор талапкерлердин эсебинен өтөт. Мен муну колдойм. Себеби бюджеттен чыгым болбойт,-деп билдирген президент.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Мында шайлоочу өзүнүн тандоосу боюнча бир гана талапкерге добуш берүү укугуна ээ.

Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат.

Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык.

Иллюстрациялык сүрөт: shailoo.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты