Башкы прокуратура: Теңгиз Бөлтүрүк жана башка айыпкерлерден 844 млн. 512 миңден ашык сом өндүрүлдү

  • 1 год мурун

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктөн жана аны менен кармаган айыпкерлерден мамлекетке келтирилген зыяндын 80% жакынын, тактап айтканда 844 млн. 512 миң 858 сому өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылды.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгына  Теңгиз Бөлтүрүктүн жактоочулары тарабынан айыпкерди абактан үй камагына бошотуу тууралуу өтүнүч келип түшкөн. 
Жогорудагыларды эске алуу менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан Теңгиз Бөлтүрүктүн бөгөт коюу чарасы үй-камагына өзгөртүлдү. 
Азыркы учурда кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жана келтирилген зыяндын калган суммасын өндүрүүгө багытталган тийиштүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

30-апрелде “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүккө коррупция беренеси менен иш козголуп, тергөөнүн жүрүшү менен мамлекетке  1 млрд. 146 млн. 449 мин 161 сом зыян келтирилгендиги аныкталган. 

Теңгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компанидеги” коррупциялык кылмыш фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Башкы прокуратура алдын ала эсептөө боюнча “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун кызмат адамдары тарабынан коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгендиги аныкталгандыгын билдирген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда,  акционердик коомду башкаруу органдары үчүн чектөөлөрдү бузуу фактысы боюнча үч кылмыш иши козголгон.

2022-жылдын 11-февралында Тенгиз Бөлтүрүк “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингине башкаруучу болуп бекитилген. Ошол эле учурда ал “Кумтөрдөн” айлык акы алып турган.  2022-жылдын февраль айынан июнь айына чейин Бөлтүрүк 110, 7 миң доллар сый акы алгандыгы Эсеп палатасынын отчетунда айтылат.  

Тенгиз Бөлтүрүктүн адвокаты Кайсын Абакиров Эсеп палатасы аудитинде манипуляцияга, фактыларды бурмалоого жол бергенин билдирген..

Эсеп палатасы 3-февралда “Кумтөр” компаниясынын 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин, Бөлтүрүк жетектеп турган учурда корогон каражат, чыгымы тууралуу отчет жарыялаган.

Тенгиз Бөлтүрүк Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында убактылуу камакка алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты