Ысык-Көлдө эреже бузган айдоочулар дрон менен аныкталып жатат

  • 1 месяц мурун

Туристтик мезгилдин башталышын утурлай, Ысык-Көл облусунун аймагында унаалардын саны көбөйүп, жол эрежелерин бузуу фактылары көбүрөөк байкалууда. Мындай фактыларды эске алуу менен жол кырсыктарынын алдын алуу максатында Ысык-Көл облусунун коопту жол тилкелерине дрон учурулуп, эреже бузган айдоочулар аныкталууда.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин жол кыймылынынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, иш-чара учурунда жыйырма мүнөттүн ичинде 7 одоно эреже бузган айдоочулар аныкталган.

Буга чейин Бишкек-Ош жана Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолдорунда “жол эрежелери учуучу аппарат менен көзөмөлдөнөт” деген эскертүү такталары орнотулган. Алдыдагы туристтик мезгил учурунда бул унаа жолдордо да дрон учурулуп, анын жардамы менен эреже бузган айдоочулар аныкталып, тийиштүү чаралар көрүлөт.

Сүрөт: Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты