Ноокатта оорукананын мыйзамсыз иштен алынган бөлүм башчылары кайра ордуна коюлду
- 2 месяца мурун
Ноокатта аймактык оорукананын 11 бөлүм башчысы кызматтан алынган. Кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугу боюнча атайын комиссия түзүлүп, ишти териштирди. Кызматтан бошотулган 11 бөлүм башчынын ичинен 5 бөлүм башчы кызмат ордуна кайра коюлду, 6 бөлүм башчы өз каалоосу менен кызматынан бошотулду.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Ноокат аймактык ооруканасынын директорунун 2025-жылдын 15-мартындагы №20 буйругу менен 2025-жылдын 21-январындагы №22 «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын коргоо жөнүндө» мыйзамынын жана саламаттык сактоо министрлигинин 2025-жылдын 21-февралындагы №166 буйругунун негизинде, 11 бөлүм башчы кызматынан бошотулгандыгы аныкталган. Бирок мыйзам нормаларын туура эмес колдонуудан улам одоно мыйзам бузууга жол берилгендигин комиссия аныктап чыкты.
Министрлик мыйзамда каралган кызмат ордун ээлөө мөөнөтүнүн чектөөсү (катарынан эки жолу беш жылдык мөөнөттөн ашпоосу) саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине гана тиешелүү экенин, бирок бөлүм башчыларына жайылтылбай турганын белгилейт. Демек, алардын ушул негизде иштен алынышы мыйзамсыз.
«Саламаттык сактоо министрлигинин 2025-жылдын 21-февралындагы №166 буйругу «Жарандардын саламаттыгын коргоо жөнүндө» мыйзамдын 16-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында чыгарылган, анда мамлекеттик жана муниципалдык медициналык уюмдардын жетекчилери жана бөлүм башчылары жеке клиникаларда медициналык ишти айкалыштыра албайт. Бирок, текшерүү көрсөткөндөй, кызматынан бошотулган бөлүм башчылар бул талапты бузбагандыктан, аларды кызматтан алуу мыйзамсыз болгон» деп айтылат маалыматта.
Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Ноокат аймактык ооруканасынын директоруна катуу сөгүш берилди.
Кызматынан бошотулган 11 бөлүм башчынын ичинен 5 бөлүм башчы өз каалоосу менен кызмат ордуна калыбына келтирилди, 6 бөлүм башчы өз каалоосу менен кызматынан бошотулду.
Сүрөт: Интернет булактарынан