Фейк аккаунттарды кантип аныктаса болот? Ыкмаларын сунуштайбыз
- 1 месяц мурун
- Баяндар
Бүгүнкү күндө интернетте ар кандай платформаларда фейк аккаунттар кеңири таралган. Фейк аккаунттар бул — башка бирөөлөрдүн атынан ачылган баракчалар. Алардын артында чыныгы адамдар же программаланган боттор да турушу мүмкүн. Бул аккаунттар ар кандай максаттарды көздөп ачылат.
Мисалы:
-Бир адамга же кыймылга жасалма популярдуулукту жаратууда;
-Саясий манипуляция жүргүзүү, анын ичинде шайлоолордо;
-Финансылык базарларды манипуляциялоодо;
-Кибербуллинг үчүн;
-Спам жана фишинг таратууда.
Фейктердин интернеттеги коомдук пикирди башкаруудагы, манипуляциялоодогу мүмкүнчүлүктөрү жогору. Алар көпчүлүктүн иллюзиясын жараткансып, саясий кырдаалдарга таасир берген учурлар да катталган.
Аларды кантип аныктаса болот?
Жыл өткөн сайын фейктерди катардагы колдонуучулардан айырмалоо кыйындоодо. Бирок профилдин деталдарына маани берип, анализдөө менен сиз аларга мүнөздүү белгилерди аныктоону үйрөнө аласыз.
Биз төмөндө жергиликтүү кеңештерди шайлоодо активдүү болгон фейктердин мисалында аларды кантип аныктаса болорун айтып беребиз.
- Профилдеги сүрөттүн стандарттуу же уурдалган болушу
Алгач эле күмөндүү делген аккаунттун профилине көңүл буруу керек. Фейк аккаунттар адатта шашылыш түзүлгөндүктөн интернетте кеңири таралган стандарттуу пейзаж, жаныбарга же башка адамдарга, атактууларга тиешелүү сүрөттөрдү колдонушат. Муну анык текшерүү үчүн профилдеги сүрөткө кайтарым издөө жүргүзсө болот. Мисалы төмөндөгү b.aboozegeroo деп аталган аккаунттун сүрөтү чынында Ибрахим Ахмедов аттуу дагестандык ишкерге таандык болуп чыккан.
2. Аталышындагы маанисиз символдор жана тамгалар
Жогорудагыдай эле себеп менен мындай аккаунттун ээлери анын аталышына да көп көңүл бурушпайт. Ошондуктан фейк баракчалардын аттары көбүнесе тамгалардын жана символдордун ар кандай топтому болушу мүмкүн. Мисалы, төмөндөгү moon.srarr жана 93wolk93 сыяктуу аттар адамдын өзү тууралуу эч кандай маалымат камтыбайт.
Мындан тышкары, мындай аккаунттардын аталышы бир нече жолу өзгөртүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу маалыматты сиз Инстаграмдагы “Аккаунт тууралуу” деген бөлүмдөн көрө аласыз. Мисалы ушул эле moon.srarr аккаунту катталгандан бери 4 ирет атын алмаштырган.
3. Жеке маалыматтын жоктугу
Чыныгы адамдардын аттарын колдонгон фейктер да кездешет. Мисалга бул фейк баракча Айпери Алмазовна деген кадимки кыргыз ысымын колдонот.
Бирок индивидуалдуу аккаунттун колдонуучулары өзүн таанытуу үчүн аты, жашы, окуган жери же ишмердүүлүгүнө тиешелүү маалыматтарды жазууга умтулушса, фейк аккаунттарда мындай маалыматтар жок. Анын ордуна шаблондуу фразалар, грамматикалык каталарга толгон тексттер жазылат же жогорудагыдай колдонуучу тууралуу эч кандай маалымат берилбеши мүмкүн. Бул дагы баракчанын жеке колдонуу үчүн эмес, башка максаттарда ачылганынан кабар берет.
4. Катталуучулардын саны
Фейк аккаунттарды аныктоонун дагы бир жолу — катталуучулардын санын жана алардын активдүүлүгүн анализдөө. Алар шек туудурбаш үчүн көп сандагы баракчаларга катталышат. Бирок ошол эле учурда аларга катталган адамдар аз болот. Фейк аккаунттардын тобу бири-бири менен катташып, лайк басып, реалдуу колдонуучунун имитациясын жаратууга аракет кылган учурлар да көп кездешет. Мисалы, @kasymov9050 деп аталган аккаунттун катталуучуларынын көбү өзүнө окшош, сүрөтү жок же бир типтүү, жабык аккаунттардан турат.
Ал эми ал катталган баракчалардын дээрлик баары блогерлерге, интернет дүкөндөрүнө, окутуу курстарына жана маалымат сайттарына тиешелүү экенин көрүүгө болот.
5. Баракчанын контенти
Фейк баракчалар жеке контентин бөлүшпөйт. Көп учурда башка жактардан алынган сапаты начар сүрөт, видеолорду жүктөшү мүмкүн. Бир эле күндүн ичинде бир нече сүрөттүн катар киргизилиши аларга мүнөздүү белгилерден. Дал ушундай учур @nurmametovg деп аталган баракчада байкалган.
6. Активдүүлүгү
Баракча платформада аз убакыт мурун катталып, бирок кайсы бир теманын айланасындагы контенттерге лайк басып, аларды бөлүшүп, билдирүү калтырып жатса аны фейк деп атоого негиз бар. Анткени мындай аккаунттар бир максатты көздөп, ошол багытта гана иш алып барышат. Алар кайсы бир кырдаалдарда жанданып, активдүүлүгүн көрсөтүп, калган учурда аракетсиз болуп тура берет.
Мындан сырткары бирөөнү каралоо, коомдук пикирди манипуляциялоо үчүн түзүлгөн аккаунттар кастык тилин көп колдонушат. Ошондой эле аларга провокациялык билдирүүлөр, убак-убагы менен кайталанып турган окшош комментарийлер жана чакырыктар да мүнөздүү.
Фейктер менен кантип күрөшсө болот?
Мындай аккаунттардын таасирине туруштук берип, алар менен күрөшүү үчүн калк арасындагы медиасабаттуулукту жогорулатуу керек. Бул үчүн ар бир адам окуган маалыматынын чын-төгүнүн текшерүүнү, аны кылдаттык менен анализдөөнү билүүсү маанилүү.
Ал эми алар менен түзмө-түз күрөшүүнүн эң жакшы жолу бул аккаунт тууралуу платформаларга кабар берүү болуп эсептелет.
Мисалы Инстаграмда фейк аккаунт тууралуу маалымат берүү үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу керек:
- Шектүү аккаунтка өтүү;
- Профилдин жогорку оң бурчундагы үч чекитти (же меню белгисин) басуу;
- “Билдирүү” (Пожаловаться) деген бөлүмдү тандап, андан кийин “Бул фейк аккаунт” бөлүмүн белгилөө;
- Аккаунт фейк экенин ырастап, арыз жөнөтүү
Мындай билдирүүдөн кийин Инстаграм бул аккаунтту текшерип, зарыл болсо аны өчүрүшү мүмкүн.
Мындан сырткары толук коопсуздук үчүн баракчаны блоктоп коюу сунушталат. Бул үчүн;
- Аккаунтка өтүү;
- Жогорку оң бурчтагы үч чекитти басуу;
- “Блоктоо” бөлүмүн тандоо керек
Окуган маалыматыңызды дайыма текшериңиз. Күмөн жараткан аккаунттарды анализдеп, фейктердин таасиринен жана манипуляциясынан оолак болунуз!
Сүрөт: Жасалма интеллект